Мен мугалим болгум келет

Просмотр содержимого документа

«Мен мугалим болгум келет»

Кыргыз Республикасы илим жана билим министрлиги

29 – “Гайрат” орто мектеби

9 – класс окуучусу Валиева Аыймкандын “Мугалим болгум келет” темасында жазган эссеси.

Мен мугалим болом

,,Мугалим”-Бул ким? Бул суроого туура так жооп бергенге аракет кыламын. Себеби:Устат атаңдай улуу!

Ким болбосун мугалимден сабак алганга, окуп үйрөнгөнгө тийиши. Ал президент болобу, депутат болобу, министер-аким болобу баары-баары убагында мугалимден билим алышкан. Мугалим мөмөлуу дарак. Анын шагын сындырсак, ага таш атсак-анын момөсүнө зыян келтирген болбойбузбу? Мугалим сенин экинчи апаң. Аны апаңдай урматтоо, сыйлоо сенин милдетиң эмеспи? Окуучу үчүн өз баласындай күйгөн, аны коргогон адам бул-,,Мугалим”. Сен биринчи мектепке келгенинде сага тамганы үйрөткөн, окууга кызыктырган, сени келечекте элге пайдасы тийген адам болушуна себебчи болгон адам-ким? Албетте Мугалим. Туура, азыркы мезгилге келип ушундай мугалимдер бар сабагын өтсө болду, бирок кези келгенде окуучусу үчүн жанында берет. Мугалимдин орду биздин жашообуз үчүн эң маанилүү болуп эсептелет. Мен үчүн, коом үчүн мугалим алтындан да баалуу.

,,Окуу билим азыгы, билим- ырыс азыгы”дегендей,,,А” тамгасын таанытып, окуучуларга билим, таалим-тарбия берип,эрезеге жеткирген-бул мектеп. Мектептин коногу-окуучулар, мектептин ээси мугалим. Ал эми ар бир баланын мүнөзүнө жараша билим берип мамиле кылып, баланын жөндөмүнө, шыгына жараша билим берип, турмуш жолуна салган албетте бул мугалим.

“ Мугалим ”- кандай гана ардактуу, сыймыктуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген, ардактуу, кесип. Мугалимдик кесип алысты көрө билгендиги, изденгичтиги, ак көңүлдүүлүгү , мыкты тарбияга, билимге жетишүүсү үчү бүткүл күч-аракетин жумшагандыгы менен кадырлуу. Баарыбыздын жетишкен ийгиликтерибиз, жашообуз, жаштыгыбыз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз асыресе азыркы мезгилд үчүн айрыкча мааниге ээ. Анткени азыркы күнгө келип заманбап окутуунун методикаларынан артта калбай, ар бир мектептерде жок дегенде мамлекет тарабынан берилген компьютер, интернет тармактары бар.

Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгүлүү инсан, эң жандуу мисал бул- мугалим. Биз кимден билим алсак ошол адамды устатыбыз деп атайбыз. Жакшы мугалим болуу үчүн өзү окуткан предметти, окуучуну, мугалимди сүйүү керек. Мугалим бул – оор абалдан чыгып кетүүгө үйрөтөт, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга тарбиялоочу адам. Мен да мугалимдик кесиптин кыйындыгын билем, алардын ар бир ишине суктанам, кызыгам. Бул менин келечегимдин башааты. Мугалимдик кесиптин ээси болууну каалайм. Мугалимдерим жөнүндө канча сүйлөсөм да аз.

9 стр., 4301 слов

Алтын адам туралы мәлімет

... солтүстік — ағаш тақталарда халқымен, сүйегі бай одетого адам. Жанында табылған заттар дәретханаға украшенное, алтын қару-жара ... болды дакскими луками және кинжалами…» Жалпы, Геродот өз девятитомной тарихы туралы саках деп жазады сәл ғана упоминая олардың жанында басқ ... державаға, включавшую оңтүстік аудандары, Орта Азия. Кейінірек Ахемениды бағындырған заң бойынша, өзіне және солтүстік аудандарында, ...

Мен мектебибиздеги мугалимдердей эмгектенем, ак иштеймин. Ошошдой эле дүйнөгө таанымал мугалимдерден боломун. Келечек жаш муундардан президент, министрлерди, депутаттарды тарбиялоочу , негизгиси жашоодо өз ордун таба алуучу балдарды тарбиялоочу мугалим боломун. Бул эмгекте мамлекет, айыл, депутаттар, министрлер жана алар чыгаруучу мыйзамдар менен ата-энелер мага жардам беришет. Бул максатымды ишке ашыруу үчүн бар билимимди, күчүмдү жумшаймын. Мугалим менин идеал туткан инсаным. Мен эжейлеримдей мугалим болгум келет.